Үчүнчү жак – сөз же ой багытталып, бирок сөзгө катышпаган тарап. Үчүнчү жак ал (көптүк санда алар) деген жактама ат атооч аркылуу уюшулат. Мына ошол үчүнчү жакка таандык этип айтуу үчүн анын ...-ы(-сы) (мисалы: анын кызы, баласы), көптүк санда алардын ...-ы(-сы) (мисалы: алардын кызы, баласы) деп айтабыз. Үчүнчү жактын көптүк сан таандыгы жекелик сандагыдай -ы (-сы) болуп айтылат. Бирок, кээде -лар мүчөсү менен да айтыла берет: алардын кыздары, алардын балдары.
Булагы: Кыргыз тилинин морфологиясы
ҮЧҮНЧҮ ЖАК – жарандык сот жүрүмүндө башка жактардын (тараптардын) доо арызы боюнча козголгон жарандык иштеги мыйзам тарабынан корголуучу кызыкчылыктары менен укуктарын коргогон жак. Ү. ж-тын 2 түрү жолугат: талашып жаткан нерсеге өзалдынча талабын билдирген жана мындай талапты билдирбеген. Биринчиси эки тарапка тең же алардын бирине жалпы негизде доо коюу менен башталып калган сот жүрүмүнө катышат. Ү. ж-тын бул түрү баардык укуктарга ээ жана доогердин баардык милдетин көтөрөт. Эгер тараптарга катыштыгы боюнча иш чечими алардын укугуна кандайдыр бир таасирин тийгизе турган болсо, экинчиси иш жүрүмүндө доогер же жоопкер тарапта болот (же өз демилгеси боюнча, тараптардын же прокурордун ырасмий өтүнүчү боюнча сот тарабынан ишке тартылат). Адатта алар өзүнө карата регрессивдүү доо коюлушунун алдыналуу максатын көздөйт. Доо негизин өзгөртүү, доо талабынын өлчөмүн көбөйтүү же азайтуу укуктарын, ошондой эле доодон баштартуу, доону таануу же өзара тынчтык макулдашуусун түзүү, сот чечимин аткарууга мажбурлоо талабын коюу укуктарын кошпогондо, Ү. ж-тын бул түрү баардык укуктарга ээ жана тараптардын баардык милдеттерин көтөрөт.
ҮЧҮНЧҮ ЖАКТЫН ПАЙДАСЫНА КЕЛИШИМ – тараптар карыздардын милдеттенмени аткаруусун кредитор алдында эмес, келишимде көрсөтүлгөн (же көрсөтүлбөгөн) үчүнчү бир карыздардан өз пайдасына милдеттенмени аткаруусун талап кылуу укугуна ээ жакка орундоону белгилеген келишим.